Келечек бүгүн курулууда!

Будущее строится сегодня!

"Байтик" турак жай комплекси

"Байтик" турак жай комплекси

Мындай жайгашуу үйдүн жашоочуларына шаардын иш жана көңүл ачуучу жашоосунда дайыма көңүл борборунда болууга мүмкүндүк берет. Ири соода борбору, банктардын филиалдары, дарыканалар, дүкөндөр, кафе-ресторандар, мектептер, бала бакчалар, футбол талаалары, йога борбору, фитнес клубдар жана жайлуу жашоо үчүн бардык керектүү нерселер түздөн-түз жакын жайгашкан. Түзүлгөн инфратүзүмү бар райондо курулуш жүргүзүүлүдө. Имараттардын маңдай жактары керамогранит менен капталган жана жаңы технологиялык ыкма менен обочо бөлүнгөн. Кабаттардын жана батирлердин ортосундагы ызы-чуу тосмонун жогорку деңгээли, айнек пакеттери бар металл-пластик терезелер чуудан жана чаңдан ишенимдүү коргоону жана тазалыкты, тынчтыкты камсыздайт. Эки заманбап үнсүз лифттердин натыйжасында үйдүн жашоочуларына узак күтүү талап кылынбайт. Бардык батирлер заманбап жана ишенимдүү сырткы эшиктер, борборлоштурулган суу жабдуусу, канализация, жылуулук, телефон линиясы менен жабдылган. Комплекстин концепциясы ыңгайлуу жашоо үчүн бардык керектүү инфратүзүмүнүн болушун карайт: 1 деңгээлдеги жер алдындагы паркинг, меймандык унаа токтотмо, дүкөндөр, балдар оюн аянтчасы, соода-кеңсе борборунун кызматкерлеринин транспорту үчүн унаа токтотмо. Көрүнөө түрдө имарат үч катар кабатка бөлүнгөн. Үчүнчү кабаттан баштап он экинчи кабатка чейин турак жай батирлери ээлейт. Жогорку кабаттардан борбор шаарыбыздын укмуштуу панорамалык көрүнүшү ачылат, ал эми анын түштүк бөлүгүндө сиз тоолордун улуу, кар чокуларын өз көзүңүз менен көрө аласыз. Жайлуу тигилген жашыл өсүмдүктөр балдар аянтчасында ыңгайлуу жагдайды түзөт.

Объект жөнүндө

15 кабаттуу имарат, шаардын борборунда жайгашкан. Байтик-Баатыр жана Достук кесилишинде жайганшкан.

  • Эксплуатация: Октябрь 2015 ж
  • Кабаттуулугу: 15 кабаттуу
  • Шыштын бийиктиги: 3.14м
  • Жер астындагы гараж: бар

Объектин галереясы

Байланышта болуңуз

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү форманы толтуруңуз!