25 мая 2017 г.
25 мартта саат 11:00до ордолуу Ош шаарыбыздын Кара-Суу районунун Фуркат айылында «KG ГРУПП» компаниясынын президенти Имамидин Ташовдун демилгеси менен орнотулган тарыхый мемориалдык комплексте Исхак Раззаков, Насирдин Исанов, Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбековдордун элеси тушурулгон. Комплекстин жалпы бийиктиги 45 метрди тузот. Ал эми туунун турасы 12 метр, узуну 9 метрди тузот.Ачылышка депутаттар Кубанычбек Нурматов, Дуйшон Торокулов жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Тилек Матраимов катышып, Ош горнизонун аскер кызматкерлеринин жана Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин коштоосунда туу которулду.
Эске сала кетсек, мындай тарыхый мемориалдык комплекс откон жылы Ыссык-Кол обласынын Балыкчы шаарынын астанасына алгач ирет ачылган. «KG ГРУПП» компаниясынын президенти Имамидин Ташов мындай комплексте жети дубандын ар бирине коюну максат койгон.Эми калган дубандарга да мындай комплекс орнотула бермекчи.