Келечек бүгүн курулууда!

Будущее строится сегодня!

Жаңылыктар жана акциялар

ОРОЗО АЙТ 2019

27 июня 2019 г.

Имамидин Ташовдон  350 адам  азык-түлүк коробкасын алышты

Адам атпайдын баары эле жумшак сөзгө,  жылуу мамилеге  муктаж. Ал эми  турмушунан кыйналып,  жетишсиз жашаган адам  мындай мамилени эки эсе зарыгып күтөт. Анткени, атам замандан бери эле кыйналганга боор тартып,    жылуу сөз айтып  маңдайын сылап,   колунда барын берген март адамдар  болуп келген.  Ишкер Имамидин Ташов турмуштан каржалган адамдарга колун сунуп, жакшылыкка үмүт берип келген  берешен жигиттердин бири.  Ал  муктаждарга берген  тамак-аш коробкасы   5-6 күнгө азык болуп берер, бирок  кеп мында эле эмес.  Сезимдерге  жакшылыктын нурун себелеп, жашоо кара мүртөз, алдым-жуттум, өзүмчүл гана адамдардан турбасына ишеним-үмүт бергендиги менен да баалуу.  Кайрымдуулук иш-чара убагында  анда чакырылгандардын жүзүнөн мен мына ушуну сездим.  Бир күнгө болсо да  көңүлдөр агарып, жылуу сөзгө, жумшак мамилеге  жүздөр тамылжып турду.  Бул күнү  300дөй адам Имамидин Ташовдон жылуу сөз угуп,  салмагы 12 киллограммды түзгөн тамак-аш салынган коробкасын алышты.  Алардын баары компания менен мурдатан бери байланышта болуп, колдоо  алып келгендер болуп саналат. Айрымдары  бир убакта ар кандай шарт-жагдайда омпанияга өзүлөрү  жардам сурап кайрылып  байланышып калгандар болсо, айрымдары мамлекеттик социалдык коргоо мекемелери  тарабынан  компаниянын кайрылуусу менен сунушталган  коомдун аяр катмарынын өкүлдөрү. Ошондой эле  дүлөйлөр жана  дудуктар коомдорунун өкүлдөрү да жардам алышты.

Ишкер Имамидин Ташовдун бул кайрымдуулук иш-чарасына көп убакыттан бери күбө болоуп келебиз. Ал дайыма “ биздин тилек мамлекетибиз өсүп-өнүп,  жарандарына толук камкордук кылган,  элибиз  кайрымдуулукка  муктаж болуп, кыйналып-кысталып  жашабаган  күнгө  жетсек дейбиз.   Кудай буюрса андай жашоо-турмушка  да жетебиз”,  – деп сүйлөйт.   Ооба, “жакшы тилек -  жарым ырыс дейт эмеспи.  Мамлекетибиз өсүп-өнүп, элибиз бакубат жашаган заман да болор.  Бирок  адамдагы боорукердик, берешендик жана  жылуу сөз жана жумшак мамиле ар убакта эле актуалдуу бойдон кала берери шексиз.      


Видеоматериалы


Галерея