Келечек бүгүн курулууда!

Будущее строится сегодня!

Жаңылыктар жана акциялар

РКСМ

22 августа 2018 г.

Республикалык Жоокерлердин энелер комитети тарабынан жарыяланган сынактардын жыйынтыгы 24-августа Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Драм театрында жарыяланды.
Белгилей кетсек, " Мыкты аскердик бөлүк, энелердин көзү менен" жана "Жоокердин ден соолугу көзөмөлдө" атуу кароо сынактары, КР КК баардык Күч түзүмдөр арасындагы аскер бөлүктөрдө жүргүзүлдү. 
Мыкты аскер кызматкерлерди жана мыкты аскер бөлүктөрдү жарыялаган бул сынактардын башкы демөөрчүсү "Kg групп" курулуш компаниясы болду. 
Баса белгилей кетсек, 2016-жылдан бери компаниянын президенти Ташов Имамидин Асамидинович Жоокерлердин энелер комитети менен тыгыз кызматташып, аскер кызматкерлерге өзгөчө көңүл буруп, Армиянын аброюн жогорулатууга жакындан колдоо көрсөтүп келүүдө. 
Салтанаттуу аземдин жыйынтыгында, мыкты аскер бөлүккө Гран-При сыйлыгын тапшырган соң, 2019-жылдын эсебинен, ушундай иш -чараларга 1 млн сом бөлөөрүн билдирди.
"Биз Мекен сакчыларына ар дайым ыраазычылыгыбызды билдирип турушубуз керек. Алар чекти көздүн карегиндей сактап турушат. Аскерлер Мекен үчүн өмүрүн аябоого аскердик ант беришсе, мен жеке ишкер катары аларды дайыма колдоого, жардам берүүгө ант берем"- деди өз сөзүндө. 
Мындай таасирлүү сөздү уккан соң, аскер кызматкерлери кыйкырык, кол чабуулар менен сүрөп турду. 
Аскер жетекчиликтери: Чындыгында, өлкөбүздө ишкер инсандар көп, бирок баарысы эле коомчулукка ар тармактуу жардам көрсөтүшпөйт. Имамидин мырзанын мындай колдоолоруна башкаларга үлгүү болууда. Биз аскер кызматкерлери ыраазычылык билдиребиз.

Аталган иш чара, эстрада ырчыларынын коштоосунда болуп, көңүлдүү өттү. Алыскы региондордон келген, сынактын жеңүүчүлөрүнүн кубанычтарында чек жок. Баардыгы чыдамсыздык менен күткөн сынактар жыйынтыкталды.


Видеоматериалы


Галерея