Келечек бүгүн курулууда!

Будущее строится сегодня!

Жаңылыктар жана акциялар

Флагшток

11 июня 2018 г.

Чек арада кыргыз желеги желбиреди. 
11-июньда 2018 жылы, кыргыз-казак чек арасындагы “Акжол-автодорожный” көзөмөл-өткөрмө пунктунда 30 метр болгон бийиктикте, туунун көлөмү: узуну 9 метр, туурасы 6 метрлик орнотулган желектин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаты, “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Чүй облустук администрациясынын, Россия Федерациясынын ФСБ ыкчам чек ара кызматынын, жергиликтүү бийликтин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, буга чейин чек арада жаӊы илинген желектин ордунда чакан желек илинип турган. Кыргызстандын негизги атрибуту болгон желекти алмаштыруу жана көзөмөл-өткөрмө пунктунун имаратын кеӊейтип куруп берүү демилгеси “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташовго таандык. Аталган курулуш компаниясы ушундай эле жөрөлгөнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Ош шаарларында да жасаган.

“KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Имамидин ТАШОВ: “Желегибиздин бийик болуп, желбиреп турушу мен үчүн сыймык”

- Бүгүн бир четинен толкундансам, экинчиден кыргыздын желегин желбиретүү бизге туш келгенине кубанып турам. Биздин компания кыргыз элинин духун, мекенчилдик сезимин көтөрүп, кыргызга дем-күч берген иштерди жасап, желегибизди жети дубанда желбиретсек деген максатты койгон элек. 
Бир сапар Казакстанга барып келатканда дал ушул жол боюндагы Кыргызстан деген жазуунун өӊү өчө түшкөнүн, туубуздун боордош элдикинен кичинелигин байкаганда, туубуз кошунабыздын желегинен бийигирээк болуп, желбиреп турса деп ниет кылган элем. Кудайга шүгүр, бул мүдөөм ишке ашты. Кыргыз-казак чек арасында туубуз алардыкынан бийик болуп, желбиреп турушу мен үчүн сыймык. Мындай иш-чара мындан ары да улана берет. Элдин батасы менен жети дубанда туубузду желбиретсек дейбиз. Бүгүнкү иш-чарага Мамлекеттик чек ара кызматынан, Жогорку Кеӊештен жана башка өкүлдөрдүн келип катышканы мага стимул болду.

Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова 
" KG ГРУПП" курулуш компаниясынын көптөгөн кайрымдуулук иш аракеттерине жана ушуну менен экинчи жолу "Туу көтөрүү" аземине катышып жатабыз. Имамидин мырзанын бул аракеттерине абдан ыраазы болуп келем. Ошондой эле, Куралдуу Күчтөрүнө кошуп жаткан салымдарын сыймыктануу менен айтып келем. Бүгүн дагы, өтө жагымдуу ачылыш болуп турат. Жалпы кыргыз элимдин атынан энелик алкышымды айткым келет."

Кыргыз Ресрубликасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары К.ИСАКОВ: “Чек арада желегибиздин желбиреп турушу өтө маанилүү”

- Бүгүн кыргыз-казак чек арасынын боюна кыргыз элинин желеги илинди. Көзөмөл-өткөрмө пунктун реконструкциялоо иштери күз айларында жүргүзүлмөк, бирок ага чейин өз демилгеси менен көмөк көрсөткөн кыргыздын чыгаан жигиттеринин жардамы менен кошумча имарат курулуп, байрагыбыз илинди. Өзгөчө чек арада желегибиздин желбиреп турушу жарандарыбызда мекенчилдик сезимдин жогорулашына өбөлгө болот. 
“KG ГРУПП” курулуш компаниясы 2016-жылдан бери чек ара жоокерлерине моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам көрсөтүп келатат. Бул ишти демилгелеп, жүзөгө ашырган курулуш компаниянын жетекчилигине тереӊ ыраазычылыгымды билдирем. Анткени кыргыз туусунун чек арада желбиреп турушу жолдогу жүргүнчүлөр үчүн өтө маанилүү.

Жогорку Кеӊештин депутаты З.ШАРАПОВ:
“Чүй облусунун администрациясынын жетекчилиги бул иш-чарага келип катышып берсе болмок”

- Кошуна казактардын желбиреп турган туусун көрүп, жүрөгүм булкуна, көзүмөн жаш тегеренди эле. Биздин кызыл кырмызы желегибиз алардыкынан бийик көтөрүлдү. Желекти илүү учурунда толкунданбай кое албайт экенсиӊ. Чүй облусунун администрациясынын жетекчилиги бул иш-чарага келип катышып берсе болмок. Мындай кайрымдуулук иштерин жасаган ишкерлерди таптоо, мактоо керек. Имамидин иним сен өз элиӊди даӊазалаган мекенчил уулдардан экениӊди дагы бир ирет көргөздүӊ. Иштериӊди ийгиликтер коштоп, элиӊдин керегине жарап, мындан ары да кайрымдуулук иштерин уланта бер.



Галерея