Келечек бүгүн курулууда!

Будущее строится сегодня!

Жаңылыктар жана акциялар

Имамидин Ташов туптогон курулуш компаниясы Курман айт

22 мая 2018 г.

22-августта 2018 жылы Бишкек шаарында Имамидин Ташов туптогон курулуш компаниясы Курман айтка карата 580 кишиге кайрымдуулук иретинде тамак-аш тартуулап, эт таратты. Катышуучулардын арасында майыптар, жардамга муктаж болгон жарандар болду. Курман айтка аталган компания 16 бодо мал жана бир нече кой сойгон. Буга чейин кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурап, Улан Эгизбаев каза болгон. Имамидин Ташов мындай кайгылуу окуяга кайдыгер карабай, анын үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батирди белекке берген.

Аталган компаниянын президенти өз сөзүндө “Былтыр Курман айтка карата адамдарды чакырганда 380дей жаран чогулган. Быйыл чакырылгандар 580дөн ашты. Курман айт – дасторкон жайып, ал акыбал сурашкан, бири бирин кечирген кечиримдүүлүк майрамы. Андыктан биздин компаниянын жамааты муктаж болгондорго жардамын аябастан, жыл сайын дасторкон жайууга даяр. Мына ушул курулуп жаткан турак үй ээлеген аянт 1 гектар болсо, кийин ушундай бир гектар жерге дасторкон жайууга жеткирсин. Кудай Таалам асманыбызды ачык кылып, кыргыз элине берген пейилин кеңири кылып, берекесин, жакшылыгын аябасын. Кыргызстанда дайым тынчтык орноп, эл ичинде бөлүнүү болбосун. Бул майрамдын аркасында биз ушунча адамды ынтымакка чакырууга себепкер болуп отурабыз. Айтыңыздар маарек болсун!”- деди.
Ички иштер министрликтин коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Маматов: “Бул компания буга чейин да кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген. Жылдан жылга өнүп-өсүп, кулачын кенен жайып, катышуучулардын санын көбөйтүп, алардын арасында ынтымак ырашкерликтин болушуна себепкер болуп келет. КG ГРУПП курулуш компаниясынын жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Муктаж, аяр үй-бүлөлөргө жардамын аябайт. Мындан сырткары күч түзүмдөрүнө да жардам берип келатат. Имамидин мырза ынтымактуу, биримдиктүү өнүккөн Кыргызстандын курулушуна чоң салымын кошот деп ишенем.”- деген пикирин билдирди.
Ал эми Кыргыз Республикасынын жоокерлер-энелер комитетинин төрайымы Уулкан Жумашева: “Урматтуу бүгүнкү иш чаранын катышуучулары баарыңыздардын айтыңыздар маарек болсун! Кыргыз элин мына ушундай адамдар бириктирет. Имамидин Асамидинович жыл сайын Курман айт жана орозо айында көптөгөн адамдарга жардам берип, дасторкон жайып, тамак-аш тартуулайт. Андан сырткары Кыргыз Армиясына да жардамын аябайт. Анын жоокерлерге жардам бергени – бул мамлекетке берген жардамы. Анткени Кыргыз Армиясы анда жашаган элдин бейпил жашоосунун кепили. 2016-жылдан бери жоокерлерге 2 миллион сомдон ашуун жардам көрсөттү. Колунда бар көптөгөн ишкерлерибиз бар, бирок алардын арасынан эч кими жоокерлерге мындай жардам көрсөткөн эмес. Имамидин Ташовдун жасаган иштери көп адамдарга үлгү болушу керек.”– деди.