22 ноября 2018 г.
2018 жылдын 22-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Эл ырчысы” долбоорунун жыйынтыгы болуп өттү. Бул долбоор 2015-жылы Каниет Жыргалбеков продюсердик борбору тарабынан уюштурулуп, конкурска республиканын бардык аймактарынан тандалган өнөрпоздор катышкан.
Долбоор уюштурулгандан тартып KG ГРУПП курулуш компаниясы демөөрчүлүк кылып, буга чейин конкурстун жеңүүчүлөрүнө 50 000 сомдон тартуулап келсе, бул жылда гран-принин жеңүүчүсүнө “Porshe Cayenne” автомашинасын тартуулады. Долбоордун алкагында “Эл ырчысы” тандалды.
Бул долбоордогу конкурсанттардын чыгармаларды аткаруудагы чеберчилигинен, мукам үнүнөн сахнада Б. Миңжылкиев менен К. Турапов үн созгондой эле болду. Республиканын ар кайсы аймагынан тандалган конкурсанттар кубулжута коңур үн менен обон созуп ырдаганда залда отургандар да, калыстар тобу да бали деп кол чаап кубаттап отурушту.
Калыстар тобу тарабынан ар бир конкурсанттын аткаруу чеберчилиги менен талантына калыс баа берилип, акыйкат тандоо болду. Калыстар тобунун курамын: Мерген Турган, Гүлзинат Суранчиева, Айжан Газиева, Омар Жанышев, Имамидин Ташов түзүп, “Омар” группасы музыкалык программасы менен конкурсту коштоду. Калыстар тобунун мүчөсү Мерген Турган тууралуу “Кыргыз эли таланттарга бай. Азыркы учурда да өнөрпоздордон уучу кур эмес экен. Конкурсанттардын арасынан келечектеги Б. Миңжылкиевди, К. Тураповду көрдүм” — деди.
Конкурска 8 өнөрпоз катышып, алардын ичинен үчүнчү орунга Добулбекова Касиет татыктуу болсо, экинчи орундун ээси Мамыров Төлөгөн диплом менен жана бир ырдын сөзү менен сыйланды, биринчи орундун ээси Баркалбасов Кубаныч бир ыр жана бир клип тартуу мүмкүнчүлүгү менен сыйланды. Гран-при сыйлыгына Арстанбеков Дамир татыктуу болуп, “Porshe Cayenne” автомобилин утуп алды.
Конкурстун бардык чыгымын өз мойнуна алып, таланттарга демөөрчүлүк кылган KG ГРУПП курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов, кыргыздын мекенчил уулу, Ош, Балыкчы шаарынын кире беришине жана Кыргызстан-Казакстан чек арасына жеке каражаты менен Кыргызстандын туусун желбиретип илген, Байтик айылындагы “Кут билим” окуу-тарбиялык комплексинин 4 кабаттуу имаратын куруп, 450 окуучуну мектеп менен камсыз кылган. Социалдык жактан жардамга муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген 100 үй бүлөгө дайыма жардам берип турат. Андан сырткары 4 жылдан бери “Көп балалуу үй бүлө” долбоорун уюштуруп, анын алкагында 40 жашка чейинки көп балалуу жаш үй бүлөлөргө эки бөлмөлүү батир белекке берип, жаш үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүп келе жатат. Быйыл ошондой Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин ээси болуп суусамырдык 10 баланын (8 кыз 2 уулдун) ата-энеси сертификатын тапшырды.
Иш чаранын ачылышында Имамидин Ташов элдин калың катмарынан суурулуп чыгып, өнөрүн элге тартуулагысы келген чыгармачыл адамдарды, көп балалуу үй бүлөлөрдү колдоо маанилүү экенин баса белгилеп, ал “Кудай Таала мени алганды эмес бергенди, бузганды эмес курганды насип кылган адам кылып жаратканына ыраазымын. Бүгүнкү күндө өнөр адамдарына баа берген ушундай конкурстар көп болсун! Ушул конкурстун уюштуруучусу, ага катышкан конкурсанттар менен түздөн түз иш алып барган, баштаган ишин таштабай улантып келаткан Каниет Жыргалбековдун эмгеги да баалоого татыктуу” – деди.
Бул иш чарага Маданият, маалымат жана туризм министри да катышып, маданият тармагына көңүл кош карабаган, ар дайым колдоо көрсөткөн ишкерлерди баса белгилеп, иш чараны уюштурган Имамидин Ташовго Ыраазычылык кат тапшырды. Ал буга чейин Кыргызстандын эл артисти Ч. Айтматовдун “Ак кемесинде” тартылган, “Манас” үчилтигинде башкы ролдордо ойногон, бирок 20 жылдан бери жатакананын бир бөлмөсүндө жашап келе жаткан Чоро Думанаевге бир бөлмөлүү батир белекке берген. Ошондой эле белгилүү журналист маркум Улан Эгизбаевдин жубайына эки бөлмөлүү батир берген.