Келечек бүгүн курулууда!

Будущее строится сегодня!

Жаңылыктар жана акциялар

Эң көп балалуу үй-бүлөгө «KG ГРУПП» курулуш компанисынан белекке батир берилди

21 октября 2018 г.

22 ноябрь 2018 жылы, Имамидин Ташов түптөгөн «KG ГРУПП» курулуш компаниясы салтка айланып калган, жыл сайын өтүүчү “Эң көп балалуу үй-бүлөгө «KG ГРУПП» курулуш компанисынан белекке батир” аттуу сынагынын жыйынтыгын чыгарып, бактылуу үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды.

Аталаган сынак 4 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ушул жылдын январь айында башталып, атайын критерийлердин негизинде жаш үй-бүлөлөр кайрыла башташкан.

Сынактын шарттарын айта кетсек:

Кыргыз Республикасынын жараны болушу абзел,
Ата-энеси 40 жашка чейин болушу керек,
Мүлкү катталган же катталган эместиги тууралуу аныктама,
Үй-бүлөсү тууралуу жашаган жерден аныктама берилет,
Ата-энесинин, балдарынын окуудагы, жашоодогу жетишкендиктери каралат.

Эл ичинде бул сынак жарыяланган соң өлкө аймагынан 76 үй-бүлө катышууга документтерин тапшырышкан. Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен Суусамыр өрөөнүндө жашаган 10 баланын ата-энеси болгон Шаккулуевдердин үй-бүлөсү эки бөлмөлүү батирге ээ болушту. Жаны конуштар Кут болсун!


Видеоматериалы


Галерея