Келечек бүгүн курулууда!

Будущее строится сегодня!

Новости и акции

ЖЫЛДЫН КАЙРЫМДУУ ИНСАНЫ

26 декабря 2018 г.

Бир кылымга тете тарыхы бар "Кыргыз Туусу" гезити 25-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыкты инсандарына сыйлыктарды тапшырды. Жыл жыйынтыгы боюнча коомчулукта жардамга муктаж, аяр үй бүлөлөргө жана төрт жылдан бери көп балалууларга батир белекке берип, кайрымдуулук иштерди жасап жүргөн кыргыздын мыкты уулдарынын бири, KG ГРУПП курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов "Кайрымдуу инсан" номинациясы менен сыйланды. Чындыгында эле Имамидин мырзанын кайрымдуулук иштери Кыргызстандагы 200дөн ашуун байларга сабак. Жаш болсо да тапкан каражатын өз чөнтөгүнө эле салбай, жардамга муктаждар менен бөлүшүп келет. Бул жашоодо кайрымдуу болуп, эл уулу атыгып, элдин урмат-сыйына татыктуу болуунун өзү бийиктир. Өзү ""Кудай мага элден алганды эмес элге бергенди, бузганды эмес курганды буйруптур дегендей "Кыргыз Туусуна" да куру кол келбей 
50 000 сом берип кетти. Мындан ары да иштерин ийгиликтер коштоп, зоболосу бийиктей берсин!