Ыйык Рамазан айынын урматына Ош шаарыбызда 6 июнь күнү кайрымдуулук иш чарасы өттү.

«KG ГРУПП» компаниясы президенти Имамидин Ташовдун жетекчилиги алдында Ыйык Рамазан айынын урматына Ош шаарыбыздын жана жакын жайгашкан Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө орозо баштыгын 6-июнь күнү таратты.
Анын ичинен Кара-Суу районунун 16 айыл өкмөтүнө 100дон ашык коробка, Социалдык Коргоо башкармачылыгындагы каттоодо турган аз камсыз болгондорго 50 коробка жана өздөрү келе албагандардын ар биринин үйлөрүнө чейин жеткизилип берилди.
Мунун башкы максаты орозо айында бир кишини гана ифтарга чакырып, бир кун курсагын тойгузууга караганда, орозо баштыгында бир жума бою бир үй бүлөөгө жете турган азык-түлүк менен камсыз кылуу.
Исламдын бул маданиятын Кыргызстаныбызда алгач баштагандардан болуп, элибизге кайрымдуулукту, жардамдашууну жана берешен болууну жайылтууну да коздоодобүз.
Эскерте кетсек, мындай иш-чара ордо калаабыз Бишкекте адатка айланган. Быйыл биринчи жолу Ош шаарына таратылып башталды.
«KG ГРУПП» компаниясынын президенти Имамидин Ташов орозо баштыгын таратууну парз катары көрүп, мындай иш-чараларды токтотпосун дайым баса белгилеп келет.

 



[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]