Күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин арасында конкурс жарыялайт!

Республикалык Жоокерлердин энелери комитети, баардык Күч түзүмдѳрү менен 23 жылдан бери тыгыз кызматташып, аскер кызматкерлеринин укугун коргой турган Коомдук бирикме болуп эсептелет. Аскер кызматкерлеринин, ѳзгѳчѳ жоокерлер менен жакындан баарлашып, алардын кѳйгѳйлѳрүн же муктаждыктарын жогорку башкармачылыкка ошондой эле мамлекет башчысына, ѳкмѳткѳ, жогорку кеңешке жеткирүүдѳ кѳпүрѳ болуп келүүдѳ.
КР Президентинин Жарлыгы менен жарыяланган “ Ыйман адеп жана маданият” жылынын алкагында, аскер кызматкерлерине аскердик-мекенчилдик тарбия берүү, уставдык эмес мамилелерди жана укук бузууларды жою, тамак ашынын сапатын жакшыртуу максатында Күч түзүмдөрү арасында конкурс уюштурат.
Ушул жылдын 20-январынан баштап, жыл сайын ѳткѳрүлүүчү, Республикалык “ Мыкты аскердик бѳлүк энелердин кѳзү менен” жана “ Жоокердин тамактануусу — биздин кѳңүлдѳ” , ошондой эле биринчи жолу, “Республиканын мыкты аскердик комиссариаты” конкурсун жана “Апам жапкан нанды сагындым” акциясын “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Ташов Имамидин Асамидиновичтин демөөрчүлүгү менен жарыялайт!
Аталган конкурска, КР баардык Күч түзүмдөрү чакырылган. Атай кетсек, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабынын, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, КР ГШна караштуу Улуттук Гвардиянын, КР мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, КР мамлекеттик чек ара кызматынын, КР КК Абадан коргоонуу күчтѳрүнүн, КР КК Кургактагы аскерлеринин жана КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлери жана мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокерлери, ошондой эле Республикалык аскер комиссариаттарынын арасында жүргүзүлөт.
Конкурстун жүрүшү атайын Жободо бекитилген. Жободогу конкурстун талаптары “ Аскердик таалим” журналына жарыяланган! Жободогу эң негизги талаптардын бири, өздүк курамда одоно тартип бузуу, катталса сынактан четтетилет. Мындан сырткары, аскердик бөлүктөрдүн турмуш-тиричилик шарттары, тамак-аштары, бош убактыларынын өткөрүлүшү, айымдар кеңешинин иш аракеттери, жана аскердик-патриоттук иш аракеттери жана жаш уландар аскерге чакырылуу тартиби каралат
Конкурс, 31-августа, Кыргыз мамлекетинин, Эгемендүүлүк күнүнүн урматына карата жыйынтыгы чыгат. Ошондой эле сынактын жүрүшүндө «Батальондун, дивизиондун, ротанын, тозоттун мыкты командири», «Өздүк курам менен иштөө боюнча мыкты орун басары», «Айымдар кеңешинин мыкты төрайымы», «Ашкананын мыкты башчысы», «Мыкты старшина», «Ден-соолуктун мыкты сакчысы» номинациялары жана жоокерлер арасында “ Эң мыкты аскер таланттары” аныкталат.
Аталган сынактардын жеңүүчүлѳрү, ар бир номинант, Жоокерлер энелери комитетинин, “Эне мээрими жана урматы” медалы жана баалуу белектер менен сыйланат. Бул конкурстардын демѳѳрчүсү “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Ташов Имамидин Асамидинович. Эсиңиздерге сала кетсек, 2016- жылы өткөрүлгөн конкурска да демөөрчү болгон. РЖЭКне ушул жылы өткөрүлө турган конкурстарга, 500 000 (беш жүз миң ) сом эсебинде акча каражатын бөлүп берди.
Пресс конференцияга РЖЭК тѳрайымы Байгубатова Уулкан Жумашовна, “KG ГРУПП” курулуш компаниясын президенти А.И.Ташов. РЖЭК төрайымынын орун басары Керимова Н.С. Сурап билүү үчүн байланыш телефондор: 0 312 62-05-37, 0550 304008, 0707 013773



[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]